www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү бир катар чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталып, «Google салыгын» төлөөчү болушканын кабарлады.

Бир жылдын ичинде 39 чет элдик компания vat.salyk.kg сервиси аркылуу аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн. Анын ичинде АКШда катталган 6 компания, Дубайда, Ирландияда, Нидерландияда – 4төн, Улуу Британияда, Канадада, Кипрде – 3төн, Бириккен Араб Эмираттарында, Россияда жана Люксембургда, Кайман аралдарында, Латвияда, Японияда – 2ден жана Эстонияда, Арменияда, Казакстанда, Швецияда – бирден компания катталган.

Алардын арасында Google, Amazon, Netflix, Яндекс Go, Adobe, Xsolla, Spotify, Audible сыяктуу белгилүү компаниялар бар.

2022-жылы 4 чет элдик компания – Яндекс Go, Vaskiani Ventures, Xsolla жана Adobe республиканын бюджетине 85 млн сомдон ашык суммадагы кошумча нарк салыгын төлөшкөн.

Былтыр Кыргызстандын чет өлкө кызматтарын пайдалануучуларына электрондук кызмат көрсөтүүчү чет элдик уюмдар үчүн «Google салыгы» киргизилген. КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости