www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко америкалык Newsmax телеканалына берген маегинде Венесуэланын президенти Николас Мадуро кызматтан кетсе, Беларусь аны кабыл алууга даярбы деген суроого так жана саясий өңүттө курч жооп берди. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги кабарлады.

Лукашенко Мадуро Беларусь үчүн эч качан душман болбогонун айтып, эгер ал кааласа, Беларуска келүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирди. Ошол эле учурда, мындай сценарий эч качан талкууланбаганын жана бул темадагы сөздөр негизсиз экенин баса белгиледи.

«Мадуро — басымдан коркуп кызматтан кетип, өлкөсүн таштап кетчү саясатчы эмес. Ал бекем позициядагы лидер. Бул — Чавестин саясий жолун уланткан адам», — деди Лукашенко.

Ал айрым батыш медиаларында айтылып жаткан Мадуронун отставкасы тууралуу кептерди четке кагып, мындай талкуулар көбүнчө саясий басымдын жана маалыматтык күрөштүн бир бөлүгү экенин айтты.

«Биз бул маселени Мадуро менен эмес, көбүнчө америкалыктар менен талкуулап келебиз», — деп кошумчалады Беларустун лидери.

Лукашенконун билдирүүсү — жөн гана жеке пикир эмес, бул Батыштын Венесуэлага карата саясатына ачык саясий жооп. Мадурону «качып кетпеген лидер» катары мүнөздөө менен Беларусь Венесуэладагы азыркы бийликти легитимдүү жана туруктуу деп эсептей турганын ачык көрсөттү.

Ошол эле учурда, Лукашенко АКШ менен Венесуэла маселесин талкуулап жатканын айтуу аркылуу Беларусь өзүн глобалдык геосаясий сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул Минсктин санкциялык басым шартында да өз саясий салмагын сактап калууга умтулганын билдирет.

Эксперттердин баамында, Лукашенконун сөздөрү Батышка багытталган сигнал болуп саналат: Беларусь союздаштарын «саясий баш калкалоочу» катары колдонууга даяр экенин, бирок ошол эле учурда режимдердин алмашуусуна сырттан мажбурлоо саясатын кабыл албастыгын айкын көрсөтүүдө, деп жазат Бельта.

Последние новости