www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун калкын арзан баада көмүр менен камсыз кылуу жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ушул жылдын 8-декабрында КР УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган, алар аны Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан.

Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын негизинде "Кара-Кече" кенинде көмүр  жүктөлгөндүгү жана көмүрдү аталган райондун аймагында жайгашкан отун базаларына түшүрүүгө тийиш экендиги аныкталган.  Мындан улам, мыйзам бузууга жол берген күнөөлүү адамдар жазаланды, тактап айтканда  Т.Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.га  «катуу сөгүш»,  Ак-Талин районунун акиминин орун басары Ж.У.га  «эскертүү» берилип,  ал эми көмүр жүктөөгө ишеним кат берген айыл өкмөтүнүн адиси А.М. кызматынан бошотулду.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында айрым райондордо көмүрдүн баасы төмөндөтүлдү.

Мисалы, Кочкор районунда тоннасына 5100 сомдон 4000 сомго чейин, Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда 6000 сомдон 5500 сомго чейин (Кара-Кече кенинен алынган көмүр үчүн) жана 5000 сомдон 4500 сомго чейин (Турук кенинен алынган көмүр үчүн) төмөндөдү.

Последние новости