www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын мурдагы президенти Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвага баргандан кийин медициналык билимине кайра кайтканын чет элдик басылма The Guardian жазып чыкты.

Басылмасынын маалыматына караганда, мурдагы мамлекет башчысы офтальмология боюнча сабактарга катышып, орус тилин үйрөнүп жатат.

Башар Асад кесиби боюнча дарыгер. Ал Дамаск университетинин медициналык факультетин аяктап, кийин Лондондогу клиникалардын биринде офтальмология боюнча адистик даярдыктан өткөн. Булактардын айтымында, Асад Россияда кесиптик билимин өркүндөтүп, жабык жана тынч жашоо образы алек.

The Guardian расмий эмес маалыматтарга ылайык, алар Москва облусундагы элиталык аймактардын биринде жашагандыгы тууралуу кошумчалаган.

2011-жылы Батыш санкциялары киргизилгенден кийин, Асаддар үй-бүлөсүнүн дүйнөлүк каржы системасы жана мүлкүнүн олуттуу бөлүгү Россияга которулуп, ошол жерде жайгаштырылгандыгы айтылат.

Ошол эле учурда үй-бүлө мурдагы саясий жана элиталык чөйрөлөрдөн дээрлик обочолонгон. Булактардын айтымында, Башар Асад тышкы дүйнө менен дээрлик байланышпай, бир нече мурдагы өнөктөштөрү менен гана карым-катнашта — алардын катарында президенттик сарайдын мурдагы министри Мансур Аззам жана экс-экономикалык кеңешчи Яссар Ибрагим бар.

Башар Асад уулдары менен 2024-жылдын 8-декабрында өлкөдөн чыгып кеткен. The Guardian маалымдагандай, эвакуацияны Россиянын аскердик коштоосу камсыздап, адегенде алар Хмеймим авиабазасына жеткирилип, андан кийин өлкөдөн чыгарылган.

Ошондой эле мурдагы биринчи айым Асма Асаддын саламаттыгы тууралуу маалымат берилди. Булактардын айтымында, лейкемия менен жабыркаган Асма Асаддын ден соолугу эксперименталдык дарылоодон кийин убактылуу жакшы.

Басылманын маалыматына караганда, Асаддын бийлиги кулагандан кийин үй-бүлө мүчөлөрүнүн иш-чарасы 30-июнда өтүп, анда Асаддын кызы Зейн аль-Асад МГИМОдон эл аралык мамилелер адистиги боюнча диплом алган.

Последние новости