www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын азыркы төрагасы Си Цзиньпин кокустуктан бийликке келген саясатчы эмес. Ал революциянын ичинде жаралган, катаал тарыхый сыноолордон өткөн үй-бүлөнүн уулу. Анын атасы Си Чжунсюн Кытай Коммунисттик партиясынын алгачкы муунунун көрүнүктүү өкүлү, революционер, мамлекеттик ишмер жана реформалардын негизи болгон инсан.

Си Чжунсюн 1913-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Эрте жашынан эле адилетсиздикке каршы чыгып, 13 жашында комсомолго, 15 жашында Коммунисттик партияга кошулган. Алгачкы жолу ошол эле куракта түрмөгө түшкөн. Бул анын тагдырынын башаты эле. Кийин ал Мао Цзэдундун доорунда бир нече ирет камакка алынган.

Жаш Чжунсюн революцияны романтикалык ураандар менен эмес, эл менен бирге жашоо, оор эмгек, адилет башкаруу аркылуу түшүнгөн. Ал кызматта турганда бай дыйкандардан жерди толук тартып алууга эмес, ашыкчасын гана бөлүштүрүүгө уруксат берген. Бул “жумшактык” кийин өзүнө каршы курал болуп чыккан.

Анткени кийин ал өз партиясынын курмандыгы болгон. Себеби 1930-жылдары Маонун айланасында радикализм күчөп, “тап душмандарын” жок кылуу өнөктүгү башталган. Си Чжунсюн ашкере зомбулукка каршы чыккандыгы үчүн “контрреволюционер” деп айыпталып, камакка алынган. Ага атүгүл өлүм чуңкурлары даярдалган. Бирок Мао Цзэдун өзү кийлигишип, аны актаган.

Си Чжунсюндун идеяга берилген, бирок адамга каршы саясатты кабыл албаган коммунист болчу. Ал бийликтин чокусуна да чыкты, андан кайра кулады. Анын маңдайына жазылган тагдыр бир кылка болгон эмес. Сыноо да, ийгилик да коштоп жүргөн.

1949-жылы КЭР түзүлгөндөн кийин Си Чжунсюн жогорку мамлекеттик кызматтарга көтөрүлөт. 1959-жылы ал Кытайдын вице-премьери болуп дайындалат. Бирок 1960-жылдардын башында бир тарыхый романга уруксат бергендиги үчүн “тарыхты бурмалады” деп айыпталып, кызматтан алынат.

Ал Маого каршы чыккан эмес. Тескерисинче, өзүн актап, партияга болгон берилгендигин кат аркылуу билдирген. Бирок бул да аны сактап калган жок.

1966-жылы башталган “маданий революция” Си Чжунсюн үчүн чыныгы тозок болду. Хунвейбиндер аны кармап, кыйнап, эл алдында кемсинтип, жылдар бою камакта кармашкан. Ал 8 чарчы метрлик бөлмөдө 8 жыл обочолонуп жашаган.

Ошол эле мезгилде анын уулу Си Цзиньпин 16 жашында айылга “эмгек аркылуу кайра тарбиялоого” жөнөтүлгөн. Жер тамда жашап, чочко багып, ачарчылыкты көргөн.

Мао өлгөндөн кийин гана Си Чжунсюн акталып, кайра саясатка кайтып келет. Ал Гуандун провинциясын башкарууга жиберилет. Дал ошол жерде атайын экономикалык зоналар түзүлүп, Кытайдын “экономикалык кереметинин” пайдубалы түптөлгөн. Бүгүнкү дүйнөлүк мегаполис Шэньчжэнь шаары ошол реформалардын түз жемиши.

Си Чжунсюн Шэньчжэньде баньян дарагын отургузган. Он жыл өткөн соң, Си Цзиньпин дагы ошол эле жерде дарак тигип, атасы баштаган реформаларды улантууга убада берген. 

Бүгүнкү күндө Си Чжунсюн образы тууралуу, анын революционер, бирок фанат эместиги, коммунист, бирок адамгерчиликти биринчи орунга койгондугу, бийликте да, камакта да сынбаган инсан экени көп айтылат.

Анын өмүр жолу Си Цзиньпиндин саясий философиясына түздөн-түз таасир этти. Си Цзиньпиндин бийликти жүргүзүүдөгү кадрларды мамлекетке кызмат кылуу, элге таянуу, тартип менен туруктуулукту биринчи орунга коюу сыяктуу сапаттар атасынын өрнөгү катары белгиленет. Андыктан бүгүнкү Кытайдын жетекчисин түшүнүү үчүн анын атасы Си Чжунсюндун тагдырын билүү зарыл деген учкул сөз тегин жеринен айтылбайт.

Последние новости