www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

«Бардык беларус элинин жана өзүмдүн атыман Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Улуу Жеңишке алып келген согуш тааласындагы ата-бабаларыбыздын эрдиги, ошондой эле ооруктагылардын тайманбас эмгеги биз үчүн түгөнгүс сыймыктын булагы, чексиз патриоттуулуктун жана Ата Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү болуп кала бермекчи.

Биздин биргелешип фашизмди жеңгенибиз мындан ары да эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүүгө өбөлгө болоруна ишенемин.

Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мындан ары да мамлекетти чыңдоодо ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости