www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине КРдин жарандары менен аскерлерине гранатомёт, миномёт менен ок чыгарган окуя үчүн нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

"Кечээ Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон чырга байланыштуу Тажикстандын КРдеги элчиси Назирмад Ализода чакырылды", — деп айтылат маалыматта.

Тажик дипломатына Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана жарандарына атайылап ок чыгарылгандыгы үчүн нааразычылык нотасы тапшырылган. Ок атуунун кесепетинен кыргызстандык үч жоокер жаракат алган. Тышкы иштер министрлиги тажик аскерлеринин жана жарандарынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутууга алып келген ачык-айкын деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.

Эске салсак, кечээ, 8-майда саат 18:00 чамаларында Баткен облусунун Чек айлында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок атуу менен коштолгон. Аталган окуя жөнүндө тажик маалымат булактары Тажикстандан Улуттук коопсуздук кызматына таянып төмөндөгүдөй жазып чыгышкан: "Чыр-чатактын себеби - Кыргызстандын жарандары Тажикстанга таандык болгон 4 гектар жерди өзүм билемдик менен басып алышты. Чыр-чатактын алдын алуунун ордуна, Кыргыз Республикасынын чек арачылары Тажикстандын куралсыз жарандарына ок чыгарган. Натыйжада, Тажикстандын жарандары 1983-жылы туулган Фозилов Фазлиддин жана 1971-жылы туулган Шарипов Айомиддин оор жаракат алган",- деп айтылат билдирүүдө. 

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматы жаңжал 50 сотых жердин айынан чыкканын маалымдаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости