www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-май күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган 4 жабырлануучу келип түшкөн. Алардын ичинен үчөө чек ара кызматкери жана бир жергиликтүү тургун кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда  NazarNews маалымат агенттигине саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын үчөө ооруканага жаткырылып, бирөө алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандыраарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жаткандар:
1. Жабырлануучу С.у.М., 1994-жылы туулган. 

Диагнозу: кыр арканын көкүрөк тушуна ок атуудан алган жаракаты, курсак жана жамбаш сөөгүнүн ок атуудан алган жаракаты. Операция жасалды, абалы өтө оор деп бааланууда.
2. А.у.М., 1995-жылы туулган.

Диагнозу: көкүрөк туштун ок тийгенден алган жаракаты. Операция жасалды, абалы орточо оор , туруктуу.
3. Т.у.Ч., 1996-жылы туулган  

Диагнозу: көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатты баштапкы хирургиялык жол менен тазалоо жасалды, абалы орточо оор, туруктуу.

Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөлдө турат, дары-дармектер жана медициналык шаймандар, кан компоненттери жетиштүү өлчөмдө бар.

Ошондой эле, нейрохирург, торак хирургу жана реаниматологдон турган врачтар тобу Ош облустук биргелешкен ооруканасынан Баткен облустук бириккен ооруканасына келишкени айтылат.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы жаракат алды делген аскерлердин биринин видеосу жана учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилген.

Кечээ, 8-майда чек арадагы кырдаалды мекендешибиз видеого тартып алган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости