www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-май күнү кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алып, анда кыргыз аскерлеринен 3 киши, 2 жай тургун жаракат алганы айтылган. Социалдык тармактарда жаракат алган аскердин видеосу жарыяланды.

Бүгүн, 9-майда NazarNews маалымат агенттигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү чек арадагы кырдаал жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берди:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 9-майы саат 08:30 кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек жерлигиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу мүнөздөлгөндүгүн  маалымдайт. Түн тынч өттү, эки тараптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды. 
Баткен облусуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти", -деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.org

Последние новости