www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 937 миң 813кө жетти. Алардын арасынан 1 миллион 319 миң 447 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 276 миң 863 адам каза болдуБул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды

Дүйнө боюнча вирус жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда 1 миллион 283 миң 908 адам катталган. 198 миң 993 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, каза болгондордун саны 77 миң 179га жетти.

Испанияда 222 миң 857 адамда коронавирус инфекциясы катталган. Андан 131 миң 148 адам айыкса, 26 миң 299 бейтап көз жумган.

Италияда 217 миң 185 адамдан вирус табылган. Анын 99 миң 23 бейтабы айыгып, 30 миң 201 адам кайтыш болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости