www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхом Алиев 31-августта Брюсселде эки тараптуу күн тартибиндеги эң маанилүү маселелер боюнча мунасага келе алышкан жок. Бул тууралуу Пашинян өзү Владивостокто жергиликтүү армян коомчулугу менен жолугушууда билдирди.
"Брюсселдеги жолугушууда биз үчүн эң маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келе алган жокпуз деп айтышым керек. Атап айтканда, Тоолуу Карабак чатагын чечүү жөнүндө сөз болуп жатат. Бир тараптан Армения да, Азербайжан да тынчтыкка жетишүүнүн маанисин айтып жатышат",- дейт ал.
Пашиняндын айтымында, Азербайжан Карабак маселеси чечилди жана сүйлөшүүлөрдүн кереги жок деп эсептейт.
"Биздин позициябыз жана эл аралык коомчулуктун позициясы - бул маселе чечилген жок, аны чечүү керек. Тактап айтканда, апрель айында Россияга болгон расмий иш сапарынан кийин Россиянын президенти Владимир Путин жана мен Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү үчүн кызматташууга макул болдум.Мен билдирүүгө кол койдум", - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg