www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев да, Калчаев да «заслуженныйлар», депутаттар, бир курдуу алтымыштан ашып баратса да, жапжаш болуп тургандар. Калчаев эбакта эле «эмгек сиңиргенди» эмес «Эл артистин» ала турган жөнү бар болчу. Кеч болсо да бул наамга жетиптир. Апам болсо айыл-ападагы болгон окуяларды кабардап турмак. Эмил иним айтып жатпайбы АКШ жакка Кочкорго караганда көбүрөөк каттап калдык деп.
Чындыгы бар, «Эмгек сиңирген юрист» Текебаев Германиядагы элчибиз болсо, «Эмгек сиңирген экономист» Калчаев «өкмөттүн Кочкордогу элчиси». Булар эгемендүүлүк башталгандан бери депутат болобуз деп жулунушуп, демдери эми гана басылгандар. «Тооктун түшүнө тару» кирсе, Талант мырзанын түшүнө «казначейство» кирет. Калчаев Талант Кочкор районун калчаганына отуз жылдан ашып калды.
Алгач казна башчысы болгондо мени алган, «мен эч нерсени билбейм» десем, «Эсенбай эсепчинин небереси эмессиңби, үйрөнөрсүң» деп койгон. Эң биринчи чот какканды үйрөнгөм. Талант байке деле райкомдогу жаңы киши эле, ошол жакта жүргөн Адүкүндү көрүп биздин айылдан мен жалгыз эмес экемин деп сүйүнүп кетет. Карасуулуктар районду калчап турушса кандай сүйкүмдүү. Адүкүн анда кароолчу болуп иштөөчү экен. Ошентип карасуулуктар арбып үч киши болгонбуз.
Биз менен казнада Асек, Болот деген райфинден келгендер иштей турган, экөө тең чала сабат болгондуктан Талант байке райОНОнун башкы бухгалтери Карачач эжени орун басар кылып алган. Үйрөнүп атабыз, Карачач эженин башы жетпей кайра өз ордуна кетти. Жакшы үйрөнүп калдың деп Талант байке өзүнө орун басар кылып алды. Экинчи этапка өтөбүз деп туш-тарапка барып мени жакшы үйрөнүп алсын деп камымды жеп жүрдү. Бир ирет Бөкөнбаевге чейин барганбыз. Света эже да барганы эсимде. Жаныбек деген казна башчысы бар эле бизди аябай мактаган.
Экинчи этапка өтөр алдында Жалынканын кайын-журтуна Кош-Дөбөгө кудага барып окуусуна мен барбай калдым. Кызыгы, бир жыл мурун Нарынга конкурска баргам бир пазик толтура киши. Мен анда жаңы барып эч кимди деле тааныбайм жетекчибиз Районунун милдетин аткарып жаткан Аман Балтабаев. Нарында түнөмөй болдук, ал жакта тааныш киши жок автобустун шопуру жаткан жерине ала кеткен.
Аскар Осмоновдун жакын туугандары экен, ошол жерден уккам РайОНО болуп келет деп. Ошол жигит бизди тосуп куда болуп жүрөт. Нарындагы конкурстан Кочкордон жалгыз биринчи орунду алып, Долондун белинен токтоп көк майсаңда дасторкон жайганбыз. Атамды ал кезде бары эле биле турган, ал эми Аман Балтабаев Эсенбай эсепчи жөнүндө кеп салганда төбөм көккө жеткен.
Ошентип, окууга барбай 1994-жылдын октябрында экинчи этапка өттүк. Талант байке экөөбүз чекке кол койобуз, кээ бирөөлөрдүн айтуусу боюнча айлык жок жаткан райондун бюджеттегилерине бир-эки айлыгын алып келдик да тараттырып жибергенбиз. Болот ошол күнү эле айтты силерге атайын жасадык деп. «Красный» болсо да отчетторду бүтүрүп Бишкекке келдик да келер менен отчеттор өтүп кетти. Өлкөнүн казначейи Курманбеков Талант байке менен сүйлөшүп, мени сынайын деп чакыртыптыр, анткени биз миллиондогон акча «красный» болсок да, отчетторду шар тапшырып кеткенбиз.
«Красный» бүтмөйүн артыңардан арыз, текшерүү кетпейт деген. Ошондой эле болду. Отчетко барган күнү эле Кочкордуку өтүп облуста башка райондор кармалып бир жумадан ашык жатты, облказначей Шаршенбай байке «Эми кочкорлуктар бүткөрбөсөңөр облус бүтпөй калды» -деп, аягы облустун отчетун биз чыгарып бердик.
Казначылыктын тарыхында бир райондун элине бир –эки айлыкты таратып кызыкты Кочкор баштаган. Ал кезде айлыкты убагында берчү эмес. Туш-тараптан, облфининспекциядан жана башка жерлерден текшерүү жанды койбоду. 1994-жылдын 31 декабрында Акимчиликтин жаштары менен жаңы жылды тосуп жатканбыз, жаңы аким келип жетекчилерди чогултуп таанышканы калды. Талант байке жок ордуна бардым. Таанышып келатып мага келгенде биринчи орунбасары Шейшен Искаков: «Булар миллиондогон акчаны жеп коюшуп, суралып жатышат» - деди. Арстанбек Ногоев: «Кантип жедиңер уялбай» - деди.
Мен: «Эл айлыгы жок жатканда облфин акча жөнөтөбүз, тарата бергиле деген. Акчаны алып келип элге таратып жиберсек, жыл аягында ушул кезге чейин облфин акчаны бербей келатат» -дедим, «Элге таратканыңар чынбы?», «Текшерилип такталды», «Элге дагы алып келип тарата бергиле, мен жооп берем» - деп койду.
2005-жыл шайлоолор менен өттү. Усубалиев Акаевке каршы чыгып депутаттыкка 90 пайыз өтүп кетти. Күзүндө президенттик шайлоодо жездем Акаевдин республикалык штабын жетектеп, Бермет эжекем Нарын облусун көздөп ала жаздан баштап эле ат тезегин кургатпай Кочкорго келе баштады. Талант байке сыяктуу жаш жетекчилерге таянып турду, мурунку жетекчилер компартияны ачык колдоп күрөш катуу болуп, акыры Акаев жеңди. Ал кезде ал элдик адам болчу, ошондон кийин өзгөрүлдү. Биз ай сайын Нарынга барып отчет тапшырып турдук. Бир жолу Жумгалдын казначействосу менен бирге кайттык, көп өтпөй эле каза болду, сүйлөп баратып эле уктап калчу, Талант байке: «Коштошпой кете берди» деп күлдүрүп калчу.
Ошол кезде бир акимчиликтеги адамды коюп келдик, бирөө келип: «Эми биротоло үчилик, жетилигин жеп кеткиле» деп жатпайбы. Талант байке: «Шашкан деле жокпуз биротоло кыркылыгы менен ашын деле алып келе бер» элди жапырт күлдүргөнү эсимде. Талант байке кээде куйкум көп сүйлөй турган, отчетко барганда Нарындан Нестан Даража-а-а-а деп «а»ны Долонго чейин созуп келип, Долондон баштап кайра Нестан Даража-а-а-а деп «а»ны Кочкорго чейин созуп анан калган ырын Кара-Сууга чейин ырдап барчу.
Света эже Калчаев Таланттын күндөй свет берген жубайы, ал Кочкорго барса Кочкор элитасы светтей жарык, Бишкекке барса, Бишкек свет чачып жапжарык, ал эмес тоонун этеги Воронцовкага чейин Светанын свети күндүз да свет чачып жаркырап турат. Талант байке эки кабат үй салып теңдиктик бажалар Акин, Бообек, Кубан сыяктууларды чакырып, өзү жок, айыл өкмөтү кези эле свети өчүп калды. Света эже шак эле «свечасын» күйгүздү, ошондо айтылган «Свет жокто свеча бар, свеча жокто «Света» бар» - деген сөз свет өчкөндө эске түшөт.
Башкарып дайым казына,
Кайыл көпбү, азына.
Башкалар үйгө ташыса,
Казнага жүрөт ташына.
Ар заман келди ирет жок,
Айылда кээде свет жок.
Свет жокто свеча бар,
Свеча жокто «Света» бар.
Света эженин иниси Бакыт, Акылбек менен бир партада отурган Каныбек менен чогуу окуганбыз. Ошондон улам Акылбек «классташ» деп үйүнө, ДАМАСка, иштеген жерине чейин алдырып калат. Ал да өйдө-төмөн жүрөт, бирде чоң кызматта, бирде кызматсыз калат. Бир жолу Талант байкенин классташтары ага таянып алып мактанып жатышат.
«59дар кыйынбыз» дешип, «Койгулачы 64 түн алдында кимсиңер? Акылдын таянганы Кубан, Эрмектин таянганы Бики, Быкындын таянганы Жеңка, Жекшендин таянганы Шейшен дедим, бул сөздүн чындыгы бар. Ошол үчүн алар «Таланттыкычы? «деп сурап калышты, «Таланттын таянганы Акылбек да» десем отургандар бардыгы каткырып күлүп калышты. Акылбек да 64 жылкы эмеспи..
Баш аягы он жылдай аны менен кызматташып калдым. Талант байке айыл өкмөтү болуп турганда ар бир майрамда 1955-жылкылардан баштап ыр кесе уюштурган. Ал кезде айыл өкмөтүнө шайлоо, райондук, облустук кеңештерге депутаттыкка шайлоо болот. Мектептин жетекчиси катары мени кээ бир чоңдор сыртыман эле ишенимдүү адам кылып коюшчу. Талант байке: «Алар сага ишенип жүрө берсин» - деп койчу, Талант байкени колдойм деп бир топ атка минерлер мени кектеп жүрүштү. Мектепте майрамдарда эмне «аш-чара» болсо Талант байке менен Света эжесиз өтчү эмес.
Талант байке тууралуу айта берсе сөз түгөнбөйт, бирок Кулмамбетов Таалай тууралуу жазып койбосо болбойт. 1995-жылы облуска жылдык отчетту тапшырганы Талант байке, Тууганбек төртөөбүз барган жатабыз. Биз даярданып чыккыча күн кечтеп калды. Эртеси эрте чыкмак болдук, машинада козунун эти, арак-шарап толтура Кочкордун панорамасын көрүп эс алып алалы дедик. Кулмамбетов Таалай орозо кармап жүргөн.
Биздин Момуш аксакал орозо кармаганда теңтуштары айылдан чыгарып, сапардагы адам оозун ачса болот деп ичирип койчу экен, ушуну айтсак араң эле турса керек, жибип кетип, орозо кармап жүргөн Таалай байке да иче баштады,бутунан тура албай калды, кайра келатып аны үйүнө көтөрүп араң кийирдик. Эртеси таң атпай келип, Нарынга кетип баратсак ал күлдүрөт: «Теңтуш балдарым орозо эмеспи ооз ачырып койолу деп келишиптир.
Мен болсо шымыма сийип, эч нерседен капарсыз мас болуп жатам. Балдар: «Эй тур, оозуңду ачырганы келдик» - дешсе, башымды көтөрө албай булдуруктап: «Хорошо, куя бергиле» деп койом дейт, силер менен ичип жатам деп ойлосом керек, «Сенин орозоңду урдук» деп кетишиптир.
Болгон да далай кеп качан,
Болумдуу жигит кепкачан.
Райфинде иштеп, а бирок,
Акчаны жебейт эч качан.
Кетирбей текке мүнөттү,
Кочкордун элин жүдөттү.
Саал эле жашы өйдөлөп,
Акчага салган жүрөктү.
Кыздарга деле барыптыр,
Кыздарга деле жагыптыр.
Жүрөктөн кармап райфини,
Жүгөндөп аны салыптыр.
Ичкиликти жайнатчу,
Жаш кезде кармап орозо.
Арак менен ооз аччу,
«Ай хорошо, хорошо».
Талант байке казнаны кыргызга алып келген америкалык индус Дэсай менен тең жарышып, биздин мамлекетке кийирип, күнү бүгүнкүгө чейин, «Дарак бир жерден көгөрөт» - деп, көгөрмөк түгүл чачтарына ак кирип бараткансыйт. Талант байке бүгүнкү күнү да Казна башчысы болуп турса, Таалай байке көп жылдардан бери райфинди башкарат. Арадан отуздай жыл өттү, жалындаган жаштык артта калды.
Менин көз алдымда Талант байкенин Нарындан бери созуп келатканы, Таалай байкенин орозо кармап жүрүп өкүртө согуп алып, ооз ачырганы келгендерге «Хорошо, куя бергиле» дегени эле калды.
Айта берсе сөз түгөнбөйт. Талант байке Кочкордо болгону менен борбордо «Эл мыктысы» болуптур деп, көп эле угуп калам,бирок «Эмгек сиңирген экономист» болгону тууралуу кечирээк болсо угуп калып жазып отурам.Замандын тегирмени менен алыстап кетип Талант байкеге аз жолугуп калдым. Кочкордон жолукканга бир-аз чер жазышып, унутпай Кара-Сууга чейин жеткизип койот.
Кээ бирде Салымбековго окшогондор менен бирге чакырылып калат,сүрөттөрүн көрүп айтып жатам. Кээ бирде «Азике, шаар жерин билебиз, эт-аш керек болуп калат» деп калчу, эмнегедир үкасы № 2 болгону үн катпай калды. «Эмгек сиңирген экономист» наамыңыз менен кеч болсо да куттуктап койойун!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg