www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары капсула салуу, фундамент куюу, жол баштоо, курулуш иштери ж.б. саамалыктарды пиар кылуу күчөдү. Бирок натыйжалуу бүткөндөрүн көрө элекпиз. Ташталып калгандары чыгууда. Бул жагынан көйгөйлөр арбын.

Бирин-экин мисалга токтололу. Жакындан бери Нургалы Асаналиев аттуу ишкер чыга калып, курулуш иштерин көрсөтүп, интернат салып атканын шардана кылды. Жыйынтыгында балдарга арналса, бүтсө кол чабалы.

Дагы бир кызыгы, Нургалы Асаналиев топ манасчыны чогултуп алып, ар бирине квартиранын сертификатын тапшырганы чуулдап, кыйла талкуу жаратты. Ушундай бүдөмүк көрүнүштөр курулушчулар ичинде адатка айланып кеткен.

Сертификатын убада менен урдуруп, кубантып коюшат. Анан кардарлар жылдап баягы берилген квартираларды ала алышпай, самсаалап жүрүшкөндөрү канча?

Мындай “өнөрлөрүн” KG Групптун ээси Имамидин Ташов да далай көрсөтүп, талаштан башы чыкпай жүргөнүн кантебиз? Бир эсе Нургалыга ишенип, үмүт кылалы дешсе, анын “Алдамчылыкка” ж.б. кылмыш иштерине бир канча ирет айыпталып, камалып чыкканы эмнени билдирет?

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү эле. Бара көрөлү...

Булак: Азия News гезити

Последние новости