www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаздын акыркы күнү жогорку кызматтагы чиновниктердин камаккка алынуусу менен коштолду. УКМКда сурактан кийин мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча 48 саатка камакка алынды.

Буга чейин мурунку премьер-министри Өмүрбек Бабанов да «Кумтөргө» байланыштуу коррупцияга шектелип 48 саатка камакка алынганы айтылган.

Депутат Төрөбай Зулпукаров дагы «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кармалды.

Эксперт Алибек Мукамбаев чуулгандуу камакка алуулар боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди:

«Биздин айрым белгилүү саясатчыларыбызды – мурунку премьер-министр, мурунку спикерлер, парламенттин депутаттарын суракка чакыруу «Кумтөр» ишине байланыштуу. 30 жылдан бери биринчи жолу бийлик Кумтөр маселесин объективдүү карады. Бул өтө оор жана татаал маселе.

Биз эл аралык деңгээлде эл аралык соттордо соттошобуз, же Кыргызстан үчүн ыңгайлуу келишимдер жана инвесторлор төлөп бериши керек болгон компенсациялар боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүлөр жүрөт.

Бирок мындай кырдаалда өлкө үчүн ыңгайсыз келишимдерге кол койгон, же ошол келишимдерге кол коюу үчүн кысым көрсөткөн биздин саясатчылар күнөөлүү. Мунун бардыгы «Центерра» менен катуу тирешүүгө алып келип, ишти эл аралык арбитраждык сотко чейин жеткирди.

Өкмөт биринчи жолу ушундай радикалдуу кадамдарды жасап, бардык мыйзам бузууларды ачыкка чыгарды. Бийлик саясий эркин көрсөтүп, бардык мыйзам бузууларды жана кол коюлган келишимдерди коомчулукка жеткирди.

Ар бир келишимдин, ар бир мыйзам бузуунун фамилиясы, аты-жөнү болот. Эми бул иштин алкагында УКМК кандайдыр бир кылмыштарды жасаган,бул кылмыштарга шериктеш болгон, же мыйзамсыз келишимдерди түзүүгө шектелгендерди суракка чакырат.

Башкача айтканда, кол тийбес эч ким жок. Мыйзам боюнча жазадан кутула тургандар жок»,- деди ал.

Коррупция менен күрөшүү президент Садыр Жапаровдун үгүт өнөктүгүнүн негизги урааны болгон. Өлкөнү жетектегенден кийин, ал убадаларын аткарууну – мыйзам чегинде коррупционерлерди жок кылууну улантууда, деп кошумчалады Мукамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости