www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

мис бийликтери орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык делген 30 сүрөттү, анын ичинде сүрөтчү Марк Шагалдын эмгегин камакка алды. Бул тууралуу «Sueddeutsche Zeitung» басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, беш миллион еврого бааланган оригиналдуу көркөм чыгармалар Усмановго тиешелүү 156 метрлик «Дилбар» яхтасынан табылган.

«Ага карата колдонулган санкцияларга байланыштуу Усманов Германиянын бийлигине өлкөдөгү мүлкү, анын ичинде бул көркөм чыгармалар тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү. Бирок, кыязы, андай кылган жок», - деп жазат гезит.

Немис бийлиги 600 миллион долларлык "Дилбар" яхтасын ушул жылдын март айында Орусиянын Украинага басып кириши үчүн Усмановго санкция киргизгенден кийин камакка алган.

Алишер Усманов конфискацияланган сүрөттөр, яхта жана вилла менен эч кандай байланышы жок экенин четке кагууда. Анын айтымында, бул мүлктөрдүн баары ал көзөмөлдөбөгөн фонддорго таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости