www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик департаменти жана Финансы министрлиги Американын ири банктарын Орусиянын айрым стратегиялык компаниялары менен иштешүүнү улантууга чакырды. Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү булактарына таянып кабарлаган.
Агенттиктин маалыматына караганда, кеп JPMorgan жана Citigroup каржы агенттиктери тууралуу болууда.
АКШ бийлиги аларды Орусиянын Газпром, Уралкали жана ФосАгро сыяктуу компаниялары үчүн акча которууларды жана долларга конвертациялоону камтыган негизги кызматтарды көрсөтүүнү улантууга чакырган.
Вашингтон санкция Орусиянын бардык экономикасына салынбаганын белгилеген. Ошол себептен бийлик экономикалык каатчылыкка кабылбаш үчүн Американын ири бизнесин уруксат берилген секторлор менен иштеше берүүгө үндөгөн.
Citigroup жана JPMorgan компанияларынын өкүлдөрү РИА Новостиге бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан.
Булак: NazarNews.kg