www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 7-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызсан жана Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелер болуп өттү.

КР ТИМинен билдиргендей, кыргыз делегациясын министрдин орун басары Азизбек Мадмаров, Сауд Арабиянын делегациясын саясий иштер боюнча министрдин орун басары Сауд Аль-Сати жетектеди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты.

Ошондой эле түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана саясий диалогду бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

КР президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштурууга жана анын мазмунуна өзгөчө көңүл бурулду. Азизбек Мадмаров бул сапар маанилүү экенин жана кыргыз-сауд мамилесине оң түрткү берерин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанда туризм, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. Ушуну менен бирге С.Ас-Сати саудиялык инвесторлордун кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду жана ойлорду алдыга жылдырууга кызыкдар экендиги тууралуу билдирди.

Саудиялык тарап Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фонду жана Падыша Салмандын Гуманитардык жардам борбору аркылуу социалдык долбоорлорду жана кайрымдуулук акцияларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Бишкекте кыргыз-сауд бизнес форумун, биргелешкен Ишкерлер кеңешинин жыйындарын ийгиликтүү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз туруктуу аба каттамдарын эртерээк ачуу жана кыргыз жарандары үчүн Сауд Арабияга кирүүгө визалык талаптарды жеңилдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди багыттоого макулдашышты.

Мадмаров ошондой эле Кыргыз-Сауд биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйыны эки тараптуу мамилелерге кошумча түрткү болорун баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн кароосунда турган келишимдик документтердин долбоорлорун макулдашууну тездетүү жана жогорку деңгээлде боло турган иш-чаралардын алкагында кол коюуга даярдык көрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын (БУУ, ИКУ, ШКУ) алкагында өз ара кызматташууну улантууну макулдашышты.

Кеңешмелердин соңунда тараптар тыгыз байланышта болуп, керектүү маалымат алмашууну макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости