www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган жыйырмадан ашуун жарандын катарындагы Нурлан Асанбековдун абалы менен таанышып чыкты.

"Мен киргенде Нурлан Асанбеков ачкачылыгын улантып жатыптыр. Өзүнүн айтымында, ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган. Биринде жана экисинде суу ичиптир, бирок 3-ноябрдан тартып эч наар ала элекмин деп айтты. Кан басымы төмөндөп кетиптир.

Ал мындай кадамга өзүнө көӊүл бурдуруу максатында барып жатканын айтты. Себеби "менин саясат менен эч ишим жок, куруучумун, болгону Равшан Жээнбековдун курулуш иштерине байланыштуу аны менен тез-тез байланышып тургам.

Кафедеги жыйынга катышкан эмесмин" деген пикирин айтты" деди Алберт Колопов. Асанбеков ага ДЦП болгон оорулуу кызы бардыгын, банктан ири суммадагы кредит алганын, оорукчан апасы бар экенин, үй-бүлөсүн өзү жалгыз багарын айтып, аны бошотууну суранган.

Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы башка камакка алынгандар менен теӊ катар 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Булак: Aryba.kg

Последние новости