www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда чыгарылган банктык төлөм карталарынын саны жыл ичинде 33 пайыздан ашык өстү. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдирди.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын жалпы саны 2022-жылдын 1-октябрына карата 4 миллион 660 миң картты түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,1 пайызга өскөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Элкарт” улуттук төлөм системасынын банктык төлөм карттарын чыгаруу жана эквайринг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү 21 коммерциялык банк, эл аралык төлөм системаларын 14 банк көрсөтөөрүн белгилейт.

Элкарт карталары өлкөдө эң популярдуу (59,5 пайыз), эл аралык системалар секторунда – Visa (36,6 пайыз).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости