www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн айда камактагы Алиярбек Абжалиев эркиндикке чыгып кеттиби? Бул таризде күч органдары билдиришкен жок.

Бирок тар чөйрөдө талкуу жаралып, “Бикард” клиникасынан соң үй камагына бошонгону каңкууланууда.

Алиярбек Абжалиев ири суммада “кусууну” убада кылып, ал жагын бөлүп төлөө ыкмасында макулдашканбы?

Таңгалычтуусу, өз чөнтөгүнөн эмес, кытай инвесторлорунун каражатын пайдалануу менен чабыштырган кербезиби?

Кудасы Соке бийликте турганда Кайыңды кабель заводуна ээлик кылып, ал жерди кытайларга ооштуруп, ортодон миллиондорду табуу менен марыганбы?

Ошонун артынан байып, анан эми “кусканга” келгенде кайра эле инвесторлордун акчасы аркылуу кутулууну көздөгөнүбү?

Өзүнүн чөнтөгүнөн төлөбөйбү? Айтор, ушул сыңарындай соболдор арбын. Кыраакы күч органдары оңой эле анализдеп коюшса керек.

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости