www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө өлкөдө 195 миңден ашык адам мамлекеттен жөлөк пул алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымдады.

Анын 32 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдар. Жыл сайын жөлөк пул алуу үчүн тизмеге алынып жаткандардын саны 10 миңден ашат.

Ал эми өлкөдө жөлөк пул менен пенсия көбөйөт. Бул багытта тиешелүү жарлыктарга Президент Садыр Жапаров кол койду.

Тактап айтканда, Кыргызстанда ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын жөлөк пулу 2022-жылдын 1-январынан тарта үч эсеге чейин көбөйтүлгөнү калды. Ал эми кыймыл аракети жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон балдар азыр 4 миң сом көлөмүндөгү жөлөк пул алып жатса, октябрь айынан тарта алар 6 миң, жаңы жылдан тарта 8 миң сом ала баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости