www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын парламенттик шайлоодо добуш берүүсүн камсыз кылуу максатында добушканалардын санын көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрындагы отурумунда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымдады. Тийиштүү мамлекеттерден оң жооп алынса шайлоо участокторунун саны 48ден 57ге көбөйүшү ыктымал.

"Кээ бир мамлекеттерден уруксат алынса, айрымдарынан жооп али ала элекпиз. Бул маселе чечилди дегенге жатпайт. Мурдагы шайлоо участокторунан сырткары мекендештердин суранычы менен Орусиянын Хабаровск, Самара, Казан, Краснодар, Томск, АКШнын Нью-Йорк, Чикаго, Италиянын Кальяри жана Түркиянын Анталия шаарында добушкана ачабыз деген үмүттө иштерди жүргүзүп жатабыз", - деди Казакбаев.

Министрдин айтымында, чет жакта 68 миңдин тегерегинде шайлоочу бар. Добуш берем деген жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өтүшү керек. Бул шайлоочулардын тизмесин аныктоого көмөк көрсөтөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга 75 партия арыз тапшырды.

Эми саясий уюмдар 13-октябрга чейин курултайларын өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, тиешелүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости