www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туризм тез калыбына келүүчү тармак
- Туризм тармагы негизинен экспортко иштейт. Анткени Кыргызстанга келген чет элдик турист орто эсеп менен 500-600 доллар калтырат, а бул болсо өз кезегинде өлкөгө валютанын келишин камсыздап, жер-жерлерде жумуш орундарын түзүп, айтор, туризмдин пайдасын эл көрөт. COVID-19 пандемиясынан эң көп жабыркаган тармак дал ушул туризм болду. Ошол эле учурда экономиканын башка секторлоруна караганда туризм тармагы кыска убакытта калыбына келет.
Бирок, бул жерде мамлекет бизнес менен биргелешип иш алпаруусу зарыл. Анткени кыргыз туризми жалгыз эле пандемиядан эмес, өлкөдөгү олку-солку саясый абалдан эки эсе жабыркады. Алгач келген туристтерге ыңгайлуу шарттар болушу үчүн өлкөнү даярдоо зарыл. Ошол эле аэропорт менен маселе чечилсе жакшы болмок. Идеалында, бул жеке көзөмөлгө өткөрүүнү кароо. Каракол, Тамчы аэропортторун өнүктүрүү, Өзбекстан, Казакстан менен байланыш түзүү. Мында Өзбекстанга келген турист биздин өлкөгө эч кыйынчылыксыз өтүп, саякаттап, андан нары Казакстанга кете алмак. Ошондуктан келген туристтин кошуна мамлекеттерге келишин жеңилдетип, мамлекеттерди кыдыруусуна мүмкүн болушунча шарттарды түзүү керек.
Армения, Грузия, Сингапур жана Түштүк Кореянын тажрыйбасын эске алалы
- Пандемияга чейин деле кыргыз туризминин негизги көйгөйү түз аба каттамдарынын жоктугу жана авиабилеттердин кымбаттыгы болуп келген. Биз, ишкерлер бул маселени көптөгөн жылдары бою көтөрүп келип, жыйынтыгында, Кыргызстан эл аралык уюмдардын колдоосу менен аба эркиндигинин бешинчи даражасы ачык асман саясатын жарыялаган эле. Ачык асман саясатын колдонуунун маңызы – чет элдик авиакомпаниялардын учактары Кыргызстандын аэропортторуна конуп, жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү алып, учуп кете аларын билдирет.
Бул мыйзам транзиттик рейстерге уруксат берүү менен катар өкмөттүн баа саясатына, каттамдарга жана авиакомпанияларга кийлигишпөөсүн кепилдейт. Бул жерде Армения, Грузия, Сингапур жана Түштүк Кореянын тажрыйбасы эске алынган. Натыйжада, аба эркиндигинин бешинчи даражасы рыноктогу атаандаштыктын күч алышына алып келип, авиабилеттердин баасын 30%га чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бермек.
Бирок бул биринчи эле кадам болгон. Эл аралык авиакомпаниялар транзит менен Кыргызстан аркылуу учуусу үчүн өлкө аэропорттору тийешелүү инфраструктурага ээ болушу зарыл. Мамлекет болсо андай инфраструктураны өз күчү менен кура албайт. Ошондуктан өкмөт кийинки кадамы катары өлкөдөгү эки ири – Бишкектеги жана Оштогу аэропортторду эл аралык операторлорго ишенимдүү башкарууга бериши керек болчу. Бирок Кыргызстан муну ушул күнгө чейин ишке ашыра албай келет.
Биз муну жүзөгө ашыра албай жаткан учурда, казактар Алматы аэропортун TAV эл аралык опреаторуна ишенимдүү башкарууга берип коюшту. Ушу тапта TAV Airports Holding франциялык өнөктөшү ADP менен биргеликте дүйнөдөгү 40тан ашык аэропортту башкарат, алардын ичинде 2005-жылы башкарууга өткөн Грузиянын эки аэропорту да бар. Булар колго алган дээрлик баардык аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн саны эки-үч эсеге өсүп, кирешеси көбөйөт.
Булак: Азия News гезити