www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гезитибиздин өткөн сандарында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автотранспорт агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратов тууралуу макала жазганбыз. Макала чыккандан кийин Бекмуратовдун өзүм билемдик саясатынын курмандыгы болгон Абдыразак деген аксакал байланышка чыкты. Көрсө бул Анарбек Бекмуратов бир тууган кайнагасы экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге таянып алып учурунда далайды ыйлаткан экен.
Бирок, алкынды самындай жылмышкан Бскмуратов казынага ири суммадагы зыян келтирсе дагы кайрадан кызматка келгенин биз түшүнө албай турабыз. Балким өзү тушүндүрүп коёт чыгаар деген максат менен байланышканыбыздан майнап чыкпай атат. Качканынын жөнү бар окшобойбу. Мындайларга эч кимдин тиши өтпөйбү?!
Булак: “Де-Факто”