www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн суук болгону менен жаз тең жарымынан ортолоп калды. Жаз келип, күн жылыганы менен аллергиясы барлар үчүн кыйынчылык жаралары шексиз. Бул ооруга чалдыккандар дем алуусу кыйындап, шишип-көөп, чүчкүрүп-бышкырып калышат. Аллергия жанды кыйнап оорутпаганы менен бир топ ыңгайсыздык жаратып, бушайман кылат. Ошону менен бирге кооптуулугу да бар.

Жаз мезгилинде күчөй турган оорулар: Аллергия

Бишкек ТЭЦинен буркурап чыгып жаткан түтүн булардын таасири көбөйтүп жатат. Унаалар барган сайын арбып, андан чыккан түтүн менен кошо шаарды да ыш каптоодо. Ошол себептен бак-дарактар ууланып, аллергиянын пайда болушуна шарт түзүп жатат. Ушундан улам аллергия оорулары жылдан-жылга көбөйүүдө. Түтүндөгү уулуу заттар гүлдөгөн чөптөрдүн затын бузат. Алардын мурунга, өпкөгө кириши менен аллергия пайда боло баштайт.

Аллергия оорусу — тамак-ашыбызда ар кандай кошулмалардан, аба ырайынын бузулушунан жана балдардын оюнчуктары, кир жуучу каражаттар өңдүү синтетикалык түрдүү заттар көп колдонулуп жаткандыктан көбөйүүдө. Айыл жергесине караганда Бишкекте бул оору менен жабыркагандар көп. Себеби айылда тамак-аш, аба таза. Негизинен аллергия чөп-чардын чыгышы менен апрель, май айында күчөйт. Кээ бирөөлөр "чөп чыкканда бир аз чүчкүрөм, көзүмдөн жаш агат", — деп айтышат. Бирок дарыланбаса ал бронха астмасына айланып кетет.

Организмде токсиндер көбөйүп кеткенден улам аллергия пайда болот. Мисалы, автоунаанын түтүнү оор металлдарды чыгарат. Ал заттар кишинин организмине дем алуу органдары аркылуу кирсе, кайра сыртка чыкпайт. Биздин айыл чарба азыктары экологиялык жактан таза. Сырттан көп тамак-аш азыктары келип жатат. Мисалы, бройлер тоогунун бутунда, көбүнесе төшүндө оор металл болот. Сырттан келген балыктарда да ушундай болушу мүмкүн.

Аллергияга каршы дары-дармектер

Аллергияга каршы дары-дармек маселеси Кыргызстанда кыйын. Өнүккөн өлкөлөрдө дарыларды врачтын рецеби менен гана берет. Өнүккөн сегиз мамлекеттин саламаттыкты сактоо министрлери биригип, антибиотиктер организмге таасир бербей калганы үчүн иммундук дарыларды чыгарууга 2-3 миллиард доллар бөлүшкөн. Бизде дарыгердин көрсөтмөсү жок эле антибиотиктерди, дарыларды сата беришет. Ушундай дарыларды башаламан иче бергенден улам организм аны тоготпой баштайт. Кийин толук дарылануу курсунан да өтпөй коймоюбуз бар. Врачка кайрылып, ал көрсөткөн гана дарыларды алсак жакшы болот эле.

Орусияда адамдар атайын топторду түзүп алып, жарандарды таза, сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ар кандай иштерди жасашууда. Мисалы, унду кургак жерде, мүшөгү менен атайын кампада сактоо керек. Ун саткан дүкөндөрдө андай шарт жок болсо ун да бузула баштайт. Бул аллергиясы жок адамдарга билинбегени менен ооругандарга жаман. Анткени андан микотоксиндер, башкача айтканда, унда козу карын өңдүү микробдор пайда болот. Ошол эле учурда балдарга да экологиялык таза оюнчуктарды сатып алуу зарыл. Көпчүлүк кайсы зыян, кайсынысы таза экенин айырмалай албайт же убактысы жок. Ал эми атайын түзүлгөн иммунологиялык топтордун бири тамак-ашты, экинчиси дары-дармекти, айрымдары балдар оюнчуктарын карайт. Кыргызстанда да ар кандай коомдук уюмдарга кирген адамдар көп. Чет мамлекеттерден да көп жардам келип жатат. Аллергия оорусунда да иммунологиялык изилдөөлөр жасалышы керек, бирок ал кымбат турат.

Блокада убагында Ленинградга тамак-аш кирбей калган эмеспи. Ошол кезде ал шаарда аллергия оорусу жок болуп кеткендиги байкалган. Мындан улам иммунитет түшүп кеткенде адам аллергия болбой калышы мүмкүндүгү айтылат. Аллергиялык реакциялар туура эмес жол менен чыгат. Адам аллергия болуп жаткан маалда анын сүйлөгөнү урушкандай сезилет. Аллергия кайсы органдан реакция берип жатса ошол жакка терс таасирин берет. Эгер өпкөдө реакция болсо, астманы чакырат. Мурунда жана көз жакта аллергия болсо, анда аллергиялык ринит же аллергиялык коньюктивит болот. Мындан тышкары, синтетика, Кытайдан келген айрым товарлардан улам теринин аллергиялык дерматит оорусу менен кайрылгандар бар. Акыркы кезде дары-дармекке аллергия болгондор көбөйүп жатат. Эл да аллергия башталганда эле убагында дарыланбайт. Анткени катуу оорутпайт.

Аллергиянын түрлөрү

Аллергия тукум кууйт. Биринчи муунга 25 жылга чейин таасир берет. Башкача айтканда, атасында же энесинде аллергия болсо, баласында да болот. Неберелеринде андан да көбүрөөк пайызда болот. Аллергиясы барлар болушунча таза жерде жүрүүгө аракет кылып, аллергия чакырган заттар менен байланышпай, абасы таза аймакта жашап, таза жумушта иштегенге аракет кылуусу керек. Мисалга, Чүй, Бишкекте Ошко караганда бак-дарактар, өсүмдүктөр кеч гүлдөсө, Нарында Бишкеке караганда кеч чыгат. Ушундай мезгилдерге ылайыктап жумуштан өргүү алса болот.

Кадимки аллергия төрөлгөндөн баштап акырындан көбөйөт. Кичинесинде кандайдыр бир кошумча тамактарга аллергия болуп диатез болсо, убакыт өтүп атопиялык дерматит, аллергиялык ринит болуп андан кийин астмага айланып кетет. Башкача айтканда, бул этап-этабы менен жүрөт. Ал эми туруп-туруп эле аллергия болуп калгандар өнөкөт инфекциясы барлар болушу мүмкүн. Жалган аллергия спирт ичимдиктери, ашказан оорулары же ашказандагы курттан улам пайда болот.

Совет мезгилинде тамак-аш саткан дүкөндөрдү, бала бакча, мектептерди, базарларды текшерип, жылда медициналык кароодон өткөрүп, тыкыр көзөмөлгө алып турган. 1990-жылга чейин көчөдө тамак-аш, нан саткан нерсе жок болчу. Сыртта сатылган тамакка автоунаалардан жана көчөдөн ар кандай чаңдар аралашат. Андан ар түрдүү курттар пайда болот. Акыркы кезде эхинококкоз көбөйүп кетти, элдин санитардык маданияты өтө төмөн. Кайнатылбаган сууну ичкенде ичеги-карын инфекциясы жана паразиттер көбөйөт. Ушундан улам да аллергиялык реакциялар пайда болууда. Чет мамлекетке караганда бизде аллергия азыраак болгону менен бронхиалдык астмадан улам майып болуп калгандар же көз жумгандардын саны көбүрөөк. Кант диабети боюнча деле ушул көрсөткүч.

Аллергия менен ооругандар эмне кылыш керек?

Чөп бүрдөгөн учурда эс алууга чыгып, жер которуп жана алдын ала дарылануусу кажет. Азыр аллергия менен жабыркагандардын көбү эмнеге аллергиясы бар экенин билбейт. Мисалы, пенициллинге аллергиясы барлар нымдуу жерге барганда чүчкүрүп-бышкырат. Аларга ачыткы кошулган тамак жегенге болбойт. Алгач эмнеге аллергия бар экенин билип алуу керек. Кайсы заттарга аллергия болорун байкоо зарыл. Кийизге аллергиясы барлар аны бир суткага күнгө какшыта жайса, аллергияны чакыруучу чаңдар азаят. Ит менен мышыкты үй ичинде баккандар аларды өзүнчө бөлмөдө кармап, дарылап, жуунтуп туруу керек. Аллергиктер балдар самындарын же чайыр шампунь, самындарды колдонгону туура. Тамак-ашта таттууну азыраак колдонуп, табигый азыктарды жеши керек. Аллергиктерге синтетика кийим кийүүгө болбойт, жалаң пахтадан кийим кийгенге аракет кылганы оң.

Аллергиясы барлар оору кармаган учурда дарыланат да, ал өтүп кеткенден кийин токтотуп коюшат. Толук дарыланбаса оору күчөшү мүмкүн. Аллергиялык ринит (мурун менен көздөн) кулакты, мээни да сезгентет. Ал эми дары-дармекке аллергиясы барлар оор түрдөгү анафилактикалык шок, Лайелл синдрому жана Стивенс-Жонсон синдрому менен жабыркап калышы мүмкүн. Ата-энеси да баланын кайсы дарыга аллергиясы бар экенин так билиши керек.

Жакшы дарыланып аллергияны жеңсе болот. Чөптөн аллергия болгондор атайын үч жолку дарылануу курсунан өтсө, 100 кишиден жетимиши сакайып кетет. Мындан тышкары, тамак-ашка аллергиясы барлар да айыгышы мүмкүн. Дары-дармекке аллергиясы барлардыкы өзгөрбөйт.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости