www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 21-апрель күнү Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болуп, нааразылык акцияга чогулду.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышты.

Каршы болгондор «Кемпир-Абадга» байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушуусун талап кылышты.

«Бул жерлер берилбеши керек. Азыркы протоколуңуздар жоюлсун, жокко чыгарылсын. Камчыбек Ташиев биз сизден суранабыз жана талап кылабыз», - деди тургундардын бири.

Ташиев 19-апрелде «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолуккан.

Анда нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости