www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элдик Курултай - ​саясий эле эмес, элди уят-намыска чакырган руханий институт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

--“Идеологиялык багытыбызда иреттүүлүк жок. Батышчыл баалуулуктар, диний радикализм бура бастырбай улуттук нарк-дөөлөттөргө кедергисин тийгизип, өз жолубуздан тайдырууга салым кошууда. Элдик курултай - ​элдин нарктуу, салттуу, ыйгарым укуктуу, өкүлчүлүктүү жыйыны катары бийлик бутактарын багыттоочу жана көзөмөлдөөчү жамааттык эл башкаруу ишин жөнгө салат. Эл - ​бийликтин ээси экенин аныктап турган, республикалык жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелер талкууланат. Алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн эл өкүлдөрү катышкан жыйын катары коомдук-саясий системага Элдик Курултай институтун киргизүү менен биз Курултайдын чечимдери императивдик күчкө ээ. Улуу Курултайдын чечимдери бүткүл республиканын, ал эми жергиликтүү Курултайлардын чечимдери тиешелүү аймактын бардык мамлекеттик, коомдук уюмдары, жеке жарандары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы мыйзам чегинде бекемделиши керек. Элдик Курултай - ​саясий эле эмес, эң оболу элди уят-намыска чакырган, акыл-эс, күч-кубатын бириктирген, ичинен тазалап, бир багытка салган руханий да институт", - дейт Кошалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости