www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы полициясынын жоюлушунун себеби эмнеде?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жоюлгандан кийин аткезчиликтин деңгээли көтөрүлө баштады, анткени көзөмөлдөөчү орган жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев 21-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аткезчилик менен байланышкан иштерди УКМК карап жаткандыгын билдирди.

«Сиз Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жоюлушунун себебин билесиз: алар өз кызматы менен мамлекетке пайда келтире алышкан жок, ошондуктан ал жоюлду», - деди ал.

Депутат мекеменин жоюлушунун себебин сурабагандыгын айтты. «Бүгүнкү күндө көзөмөлдөөчү орган жок. Бул мени тынчсыздандырууда», - деди ал.

Башкы прокурор бул боюнча УКМК иштеп жатат деп жооп берди.

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков аткезчилик боюнча иштин жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарынан көрүүгө болот, маалымат 2 күндө бир таратылып турарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости