www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2010-жылкы төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт бийликке келип, башкаруу системасында баш аламандыкка жана коррупциялык системага жол беришкен», - деди бүгүн, 22-апрелде NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.

- Артур мырза, 2010-жылы революциядан кийин сизди УКМКнын орун басары болосуң деп бирок, кызматка бекитпей койгон. Ошондон бери сизди Отунбаевага таарынып жүрөт деген сөздөр айтыла баштады. Ошол чынбы?

- 2010-жылы Кыргызстанда кандуу төңкөрүш болгондон кийин Роза Отунбаева баштаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү мени жана мага окшогон бир канча адистерди кызматташууга чакырган. Мени Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары кылып дайындашкан. Бирок, биз 8-апрелден 16-апрелге чейин эле кыска убакытта кызматташтык. Ошол учурда абалды турукташтырууга салым коштук.

Убактылуу Өкмөттүн тапшырмасы менен Түштүккө бардык. Бирок, түштүккө барган менде жана мени менен бирге барган балдарда Роза Отунбаевага эч кандай таарынычыбыз жок. Анткени, Убактылуу Өкмөт ал мезгилде бизди эле эмес, элдин баарын алдады. Өздөрү да алданды. Аягында бийлик талашып, майлуу-сүттүү кызматтарды талашып, бири-бирине карама-каршы болуп калышты. Аларда дагы ич ара тиреш күчөп, кыйынчылык жаралды.

Себеби, Убактылуу Өкмөттүн курамында тажрыйбалуу адамдар аз болуп, көбү саясатчы болду. Алар саясий талаада өздөрүн көрсөтүп, конкреттүү иштегенде кыйналып калышты. Ошондой эле, биз кыйынбыз, иштейбиз деген кошоматчылар да, коррупционерлер да аларды тегеректеп, иштөөсүнө тоскоолдук кылышты. 

- Айтмакчы, 2010-жылы болгон түштүк окуясы иликтенет деген маалымат тарай баштаганда Роза Отунбаева «биздин да айта турган сөзүбүз бар. «Кара жащиктин» оозун ачпагыла деп кеңеш берет элем» дей баштады го. Жаңы бийлик эски жаратты тырмабай эле койгону оңбу же иликтеп аныгына чыгышы керекпи?

- 2010-жылы түштүктөгү коогалаң орун алганы кыргыз эли үчүн абдан чоң трагедия болду. Себеби, бийликти жаңы колуна алган Убактылуу Өкмөттүн эки элдин кагылышуусун болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү болсо да, эмнегедир алдын алуу иштери болгон эмес. Бул биринчиси. Экинчиси, Убактылуу Өкмөт бийлигин сактап калуу үчүн өзбек сепаратисттери менен оозеки келишим түзүп, ошонун айынан бейкүнөө элдер жабыркап, кан төгүлгөн деген маалыматтар ошол кездеги ММКларда байма-бай чыгып турду. Бул сөздүн да чындыгы болушу мүмкүн.

Ошон үчүн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бул маалыматтар элге жарыяланып кетпесин деп чочулап, өздөрүнө санаалаш адамдардын ооздору менен ал окуяны иликтештин кажети жок деген сөздөрдү айттырып жатышат.

Негизи бул каргашалуу окуяга бир жактуу баа бериш кыйын. Анткени, 1990-жылы дагы ушундай кагылыш орун алган. Ал окуя бурмаланып, татыктуу баасын албаганы үчүн 2010-жылы да кайталанды.

Тагыраагы, эки элдин ортосундагы кагылышууну эңсеген саясатчылардын жана сепаратисттик көз караштагы кыска ойлонгон адамдардын айынан кан төгүлүп, карапайым адамдары жабыркады.

- Убактылуу Өкмөт ошол мезгилде бул каргашалуу окуяны эмне үчүн алдын ала алган эмес?

- 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт бийликке келип, башкаруу системасында баш аламандыкка жана коррупциялык системага жол беришкен. Тагыраагы, укук коргоо органдарындагы системдүү жумуштардын баарын талкалап, мыйзамдарды ар кандай жол менен чайкап отуруп, өздөрү каалагандай кылып өзгөртүшкөн. Эки элдин ортосундагы майда тирештерди эске албай отуруп, июнь айындагы чоң кагылышууга алып келишкен. Жыйынтыгында, түштүк окуясы боюнча үч комиссия түзүлүп, эки комиссияга ошол убактагы бийликтин талабын талашкан адамдардын көпчүлүгү кирип калган.

Ошон үчүн Убактылуу Өкмөттүн жоопкерчилигин жогорку деңгээлде көрсөтө алган чечим чыгара алышкан эмес. Эми ал каргашалуу окуяга 11 жыл өтсө да, 2010-жылдагы июнь окуясына тарыхый да, саясий да, укуктук да баа берилиши керек. Ал маселени кайра баштан иликтөөдөн чочулабаш керек. Кара жащик болобу, ак жащик болобу алардын ичиндеги материалдарды ачыкка чыгарып, компромат болсо да, башка маалымат болсо да элден жашырбай ачыкка чыгарышы керек.

Анткени, ачуу чындыкты ачыкка чыкканда гана эки элдин кагылышуусу мындан ары болбошуна шарт түзөбүз. Анткени, сепаратисттик идея менен Кыргызстанды бөлүп, жарам дегендерге бул окуя сабак болушу керек. Ошон үчүн кетенчиктебей бул окуяга тарыхый да, саясий да, укуктук да баа берилиши керек.

- Андай болсо неге Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бул иш кайра каралышына каршы чыгып жатышат?

- Ачыгын айтканда, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү төңкөрүш менен бийликке келип, чоң катачылыктарга жол беришкен. Мыйзам боюнча аларга көп укук берилген. Алар бийликке келгенден кийин жоопкерчиликти мойнуна алып, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз калышы керек болчу. Бирок, Убактылуу Өкмөт мамлекеттин коопсуздугун сактай алышкан жок.

- Мүмкүн алардын да душмандары бийлигин алсыратууга аракет кылып, болушунча тоскоолдук жаратышкандыр...

- Туура. Убактылуу Өкмөт бийликти колго алдык дешкени менен алардын көптөгөн каршылаштары да болгон. Убактылуу Өкмөткө таарынган саясий уюмдар, саясатчылар билинип, билгизбей көптөгөн каршылыктарды уюштуруп турушкан. Ошого карабай Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жоопкерчиликти колго алып, туруштук бериши керек эле.

Негизи 2010-жылкы коогалаңды иликтөөнүн негизги максаты Убактылуу Өкмөттү каралап, аларга кылмыш ишин козгоо, жоопкерчиликке тартуу болбошу керек. Жаңы бийлик карама каршылыктарды токтотуп, саясий упай топтоп, бийликке келем дегендерден алыс болуп, бул окуяга тарыхый да, укуктук да, саясий да баа берип, каргашалуу окуядан жоопкерчиликтүү чечим чыгарышы керек.

- Убактылуу Өкмөттүн эң негизги катачылыгы эмне болгон?

- Убактылуу Өкмөттүн эң негизги катачылыгы банктагы акчаларды уурдап, талашып, ячейкадагы акчаларды ар кандай иш чараларга жумшашып, мамлекеттин акчасын Акаев менен Бакиевден калган акчадай пайдаланышканы, атайын операция деп бөлүштүргөнү чыны менен орунсуз болуп калган.

Ошондой эле, конституцияга көп деген нормаларды эч кимден сурабай эле киргизип, мыйзамсыз референдум өткөзүп, президенттик шайлоону да кошуп жиберишкен. Убактылуу Өкмөт миллиондогон долларларды өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деп көп каражаттарды каалагандай калчашып, көбүн списанияга кетиришкен.

Ошондой эле, булардын чоң катачылыгы ошол убактагы таза адистердин баарына жалаа жабышып, Акаевдин, Бакиевдин адамы, реваншист деп отуруп, иштей турган таза адамдардын баарын өздөрүнөн оолактатып жиберишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости