www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Аткаминерлердин жүрөгүнүн үшүн алган “Чалкан” журналын 10 жыл жетектедим”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.
--“Борбордук комитеттин органындагы саясий-сатиралык “Чалкан” журналын 10 жыл жетектедим. Аткаминерлердин жүрөгүнүн үшүн алып турган.
Муну Жогорку министрден баштап айылдагы опком, айыл башчыларына чейин барактап, окушчу эле. Себеби, биз жөнүндө бар бекен же жок бекен деп барактап алып издешчү. Жок болсо жандары тынч болуп калчу. Өз учурунда "Чалкан" коомдук-саясий сатиралык журналы эл өкүлдөрүн, аткаминерлерди катуу сындап, көйгөйлөрдү көзгө сайып көргөзүп карапайым элге жакын болгон. Басылма окурмандарга курч макала, шакаба иретиндеги фельетондорду сунуштап, аларды карикатура менен шөкөттөгөн. Мына ошол журнал ушунча күчкө ээ болуп турганда өзүң дагы ошончолук күчтүү болушуң керек эле. Ортомчулары келет, же өздөрү келчү. Себеби ошол жерде коррупциялар болгон да. Пара албашы үчүн маянасын көтөрүш керек дешчү. Бирок саясатта жакшы нерселер болгон экен. Ошол учурда адабият менен искусствонун адамдарына жакшы шарттар түзүлгөн экен. Бирок ошол кездеги партиянын жүргүзгөн саясатын элге сиңимдүү абалда жеткириш керек болчу да. Ошол жааттагы искусствонун адамдары, акын-жазуучулар, кино тартуучулар жана башкалар партиянын иштерин ошондой элге жеткиришкен. Бирок партия эч кандай чыгармачыл инсандарды нааразы кылбай жакшы каражат төлөп, курортторго жиберип турган”, - дейт жазуучу.
Булак: NazarNews.kg