www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайында оор кылмышка шектелип кармалган жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-апрелге караган түнү болжол менен саат 00:40 чамаларында убактылуу кармоочу жайда кармалган 46 жаштагы М.А. шейшеп менен эшиктин темирине өзүн-өзү асууга аракет кылган. Нөөмөттө турган кызматкер окуяны байкап калып, өз өмүрүн кыюуну алдын алууга үлгүргөн.

«Убаганда агачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, М.А. аман калган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан окуянын себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости