www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылы өнөктөш өлкөлөр тарабынан Украинага жарыяланган каржылык, аскердик жана гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 120 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Украинанын Улуттук банкынын отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11 айында Украина бюджеттик каржылоо үчүн 28 миллиард доллар алган. Бул кирешелердин 42% гранттар.
БУУ жана Түркиянын катышуусунда Орусия менен түзүлгөн дан келишими Украинанын төлөм балансына болгон басымды азайтууга мүмкүндүк берди.
Белгилей кетсек, 16-декабрда Евробиримдик Украинага жаңы каржылык жардам пакетин берүүнү жактырган. Еврокомиссиянын сунушуна ылайык, Евробиримдик өлкөлөрү Киевге 18 миллиард евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыяларды бөлүп, ал үчүн Украинага 2033-жылдан тарта төлөп берүү үчүн 35 жыл мөөнөт берилет.
24-декабрда АКШ Конгресси өлкөнүн 2023-жылга бюджети боюнча 1,7 триллион доллар өлчөмүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Анын айтымында, 44,9 миллиард доллар Украинаны колдоого багытталат.
Жергиликтүү "Politico" гезитинин жазганына караганда, АКШ бийлигинин Украинага жардамы басаңдаган. Анткени Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар бул маселеде ар кандай пикирде.
Фарангиз Салимова, Ташкент