www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-августта “Бир Бол” партиясы курултайын өткөрүп жатат. Курултайда экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов партия азыркы өкмөткө оппозиция болуп барат деп билдирди.
“Өлкөдө реформа болуу үчүн өкмөттүн күчтүү эрки жана күчү болушу керек. Күчтүү өкмөт күчтүү парламент менен гана чыгышы мүмкүн. Парламент реформалардын жана өзгөрүүлөрдүн башкы идеологу. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу, прогрессивдүү идеяларды, көз караштарды, концепцияларды талкуулоо жана эң негизгиси – жарандардын аң-сезимине жаңы баалуулуктарды алып келүү аркылуу өлкөнүн коомдук, социалдык, экономикалык турмушундагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү уюштуруучу аянт болушу керек. Алсыз парламент алсыз өкмөттүн түзүлүшүнө алып келет, алсыз өкмөт мамлекеттин алсыратат. Күчтүү парламент күчтүү өкмөттү түзөт, күчтүү өкмөт мамлекеттин гүлдөп өнүгүшүнө алып барат. Биз азыркы бийликке оппозиция болобуз. Күчтүү оппозиция – бул жооптуу өкмөт“,- деди.
Булак: Nazar News.kg