www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Жогорку Кеңеште, 28-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдагы Өкмөттүн жасалган иштери боюнча отчет берип, көпчүлүк добуш менен өтүп кетип, кудуңдап турган чагы. Өкмөткө бардык суроо берилди. Бир гана жаңы паспорт боюнча суроо берилбей калганы өкүндүрдү. Канчалык “каршыбыз” деп какшасак да, Өкмөт өзү билемдик (03.04.2017 № 197) менен кезектеги токтомун токуду. Тагырагы,  “УЛУТУ” деген графа алынган үлгүдөгү паспорт дайын болду. Жакындан баштап бериле баштайт. Бу көйгөйлүү маселе боюнча “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.   

--“Улуту кыргыз” деп атоонун эмнесинен арданышты түшүнбөйм. “Кыргызстандык” деп койгондон эле кыргыздын саны көбөйүп кетпейт да. Тескерисинче, мигранттарга залакасы тийет, укугу тепселенет. Мыйзам боюнча, токтом менен Өкмөт өзү бекитет, бирок, улутту көрсөтүшү керек болчу! “Кыргыз” деген улутту көрсөтүү, керек болсо, СССР убагында бар болчу. Азыркы саясат кыргызга кыянаттык кылды. Тарыхый ката болду. Көрөсүңөр го, кийин өкүнөбүз. Бу да болсо сырткы күчтөрдүн таасири болду. Түркияда жана башка жакта болгон террористтик актыларды “Кыргызстандык жасады” деп дүйнө жүзү айтып, жазып жатканда, биз, “анын улуту башка дечү” элек. Эми эмне дейбиз?!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Бул көйгөйлүү маселе боюнча “Ак кеме” мейманканасында бүгүн, 28-апрелде саат 10.00до жыйын болот. Келип, катышып, үн кошуңуз, кыргызым!

Булак: NazarNews

Последние новости