www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сөз эркиндигин карманып, эркин сүйлөп, эркин баскан бир эле тармак бул журналистика калды. Калганынын баарынын оозун жабышты. Азыр парламент дудук, башкалар ооз ача албаган акыбалга келип калды. Журналисттер деле асмандан түшпөйт, коомдон чыгат. Анан алардын байлыгын текшерип эмне кылабыз? Андан көрү ошол бай аткаминерлердикин текшериш керек. Кантип байыптыр, эмне кылып байыптыр? Чубап чыкпаса болбойт. Куугунтуктай элегибиз журналисттер калды беле? Саясатчы болгондон кийин Назарбаев айтмакчы териси пилден болуу зарыл. Кичине чымчып койсо секирип акаарат келтирбей. Болгон күндө деле алардын байлыгы кайдан келип жатканын эмес, өзүнүн байлыгы кайдан келип чыкканы боюнча маалыматтарды так берүү зарыл. Анан сүйлөсөк жарашат.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости