www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда кайрадан ок атышуу башталды

Алматынын Республика аянтында турган куралсыз адамдарга аскерлер пулемёт менен ок ата баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жеринен кабарлады.

Журналист Ануар Данияровдун сөзүнө караганда, Алматы убактысы менен 18:43төн баштап ок атылып баштаган. Пулемётту ал жерге брондолгон машинелер менен келген аскерлер атып жатышат. Ок атылып жатканын активисттер Марат Турымбетов менен Айгерим Төлөуданова да ырастады. Ок атылган тушта алар аянтта болушкан. Данияровдун кабарлашынча, бир адам каза болду.

Аянтка чогулган адамдардын көбү жаштар. Алар бийликтен ЖККУнун аскерлерин киргизбөөнү, толук кызматтан кетүүнү, жарандык коомдон убактылуу өкмөт курууну талап кылышууда. Нааразы топтун колунда “Токаев, ок атпа! Биз террорчу эмеспиз!” деген чоң плакаттар болгон.

Ушул тапта аянтта кулак тундуруучу гранаталарды добуштары угулуп жатат. Марат Турымбетовдун айтышынча, беш адам жаракат алган, аларды жарандар ооруканаларга алып кетишти. «Тез жардам» автоунаалар бул аймакта көрүнбөйт.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Негизги нааразылык Алматы шаарында өтүп жатат. 5-январда анда мэриянын, прокуратуранын жана бийлик партиясынын имараттары өрттөлгөн. Кийин бийлик "антитеррордук операция" жүргүзүп, тополоңго катышып жаткан бир нече жарандар жок кылынганын маалымдаган. Натыйжада ондогон адам каза тапканы кабарланды.

Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанга келип түшүп, кызматын өтөй баштады. Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанга келип түшүп, кызматын өтөй баштады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости