www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди сүрөттөгөн быйтыкчалардын автору, дизайнер Сабит Сырахан (Bisen) ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу жекшемби күнү анын тааныштары билдиришти.

«Бисен эми биз менен эмес! Досумду тепкилеп кетишти! Айбандар! Бир соо жерин калтырышпаптыр! Аны бут кийиминен тааныдык», – деп жазды маркумдун досу, рэпер Бекболат Кайдаров Instagram баракчасына.

Алматы шаардык полиция департаменти кылмышке шектүү катары Сарыхандын сүйлөшкөн кызынын агасы кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү суракка алынып, күнөөсүн мойнуна алды. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда камакта.

«18-октябрга караган түнү короолордун биринде белгисиз адамдар урушуп, мушташа баштаганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алардын бирөө жыгылып калган, экинчиси качып кеткен. Келген тез жардам кызматкерлери жерде жаткан киши каза болуп калганын айтышты», – деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.

31 жаштагы Сырахандын башка белгилүү эмгектеринин арасында «Нурсултандын көзү» аттуу логотип бар. Сырахан мындан тышкары популярдуу streetwear-брендинин дизайнери болуп эсептелет.

2019-жылы президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаев көптөгөн ыйгарым укуктарын сактап калган. «Елбасы» титулу анын ар-намысына шек келтирген же сүрөтүн кордогон адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” 

Последние новости