www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан президенти Илхам Алиев Азербайжан армиясынын көзөмөлүндөгү Тоолуу Карабахтын Жабраил аймагындагы 13 айылды басып алгандыгын жарыялады.

«Солтанлы, Амирварлы, Машанлы, Гасанлы, Аликейханлы, Гумлаг, Гаджилы, Гойерчинвейсаллы, Ниязгуллар, Кечел Мамедли, Шахвелли, Гаджи Исмаиллы, Исаклы айылдары бошотулду» , — деп жазды Алиев Twitter баракчасына.

Анын айтымында, Армения 18-октябрда ок атышпоо режимин бузуп, Азербайжандын аймагын оор артиллерия менен аткылаган.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабахта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Аталган аймакка ээлик кылууну талашкан Армения менен Азербайжан бийлиги карапайым калктын өлүмү үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости