www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстандагы "Аялдар кеңеши", "Жоокерлердин энелери" коомдук бирикмелери тышкы карыздан кутулуу үчүн элден жапырт акча чогултуу демилгесин көтөрдү. Мындай демилгени бүгүн, 19-октябрда аталган уюмдардын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган аял-лидерлер жарыялашты.

Депутаттын айтымында, бул демилге тышкы карыздан өз убагында кутулуу максатында көтөрүлүүдө. Каражат чогултуу үчүн эсеп ачылып, комиссия түзүлөт. арызды төлөөгө салым кошууну каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачылып, комиссия түзүлөт. Демилгечилер чогулган каражат негизинен Кыргызстандын Кытайга карызынан кутулууга багытталарын белгилешти. Мындай сунуштар өлкөдө бийлик алмашкандан бери социалдык тармактар аркылуу да айтылып жаткан.

Кыргызстандын соңку эсептеги тышкы карызы 4 млрд. 106 миллион доллар. Анын 1 млрд. 775 миллиону Кытай мамлекетинин Экспорттук-импорттук банкына бересе экени айтылып келатат. Келишимдер боюнча Кыргызстан карызды 2021-жылдан тартып төлөй башташы керек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү быйыл сентябрь айында сунуш кылган.

Кытай тарап буга жооп бергени тууралуу маалымат таратыла элек.

Кытайдан алынган карыздын көбү негизинен Кыргызстанда жолдорду салууга жана энергетика тармагына жумшалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости