www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы гарнизонунун аскердик соту Жамбыл облусундагы аскердик бөлүккө келген соң төрт күндөн кийин кайтыш болгон Алибек Калбайдын ишин кайра тергөөгө жиберүү жөнүндө токтом чыгарды.
Соттолуп жаткан жана жабыркаган тарап 18 жаштагы жоокердин өлүмү боюнча тергөөнүн натыйжасына макул болбой, ишти кайра тергөөнү сурашкан. Бул тууралуу жергиликтүү Orda.kz сайты жазды.
Жоокердин өлүмү боюнча иш 23-августта башталган, андан бери 17 отурум болуп өттү.
Айыптоо актысына караганда, Калбай өлөрдөн бир күн мурун жоокерлердин бири менен мушташып кеткен, уруш учурунда ал ичине, төшүнө жана акырегине катуу сокку жеген.
Соттолуучу Аманжолов айыптоолорду мойнуна алган жок. Анын адвокаты Сержан Пралиев иликтөө ачык өтпөгөнүн, тергөө анын күнөөсүн аныктай турган жетиштүү далилдерди топтой албаганын айтты.
Калбайдын туугандары бул иш боюнча бир киши гана соттолуп жатканына нааразы болушту.
“Бир адамды гана айыпкер көрсөтүү үчүн баары жасалган. Бул окуяга бир гана ал эмес, аскердик бөлүктүн жооптуу сержанттары жана офицерлери да күнөөлүү. Сот күнөөлүүлөрдү аныктайт деп үмүттөнөбүз”, - деди жабырлануучу тараптын адвокаты Гүлайым Шынтаева.
Жоокердин өлүмүнөн кийин аскердик бөлүктүн жетекчилигине “Кызматка шалаакы мамиле жасоо” беренеси боюнча иш козголгон. Шектүүлөр кимдер экени белгисиз.
Алибек Калбай аскерге Актау шаарынан чакырылган. 18-апрелде ал Жамбыл облусундагы № 30212 аскердик бөлүккө келип, 22-апрелде таңкы тизилүү маалында эс-учун жоготуп, өмүр менен кош айтышкан. Жоокердин жакындары анын денеси көгала болгонун, кабыргалары сынган болушу ыктымал экенин айтышкан.
Казакстан армиясында үстөмдүк көрсөтүү, өкүмзордук байма-бай катталып келет.
Булак: NazarNews.kg