www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда сасык тумоо менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада 1002 адамдан сасык тумоо аныкталып, эпидемиологиялык босогодон 12,7 пайызга ашып кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Чүй облусунда курч респиратордук оорулардын 29 137 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 630 учурга көп экени белгиленди. Сасык тумоонун өсүү темпи беш пайызды түзгөн.

Буга байланыштуу 1-октябрдан тарта облустагы коомдук жайларда, уюмдарда жана мекемелерде көңүл ачуучу массалык иш-чараларды өткөрүүгө карантиндик чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптарды көрүү үчүн келгендердин кирүүсүнө да тыюу салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости