www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда митингге чыккандар кармалды

1-май күнү Алматы шаарында Горький атындагы сейил бакка митингге чыккан онго жакын киши кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Буга чейин жарандарды митингге чыгууга өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, чет өлкөдө жашаган Мухтар Аблязов үндөгөн. Ал Кытай жарандарынын Казакстанга визасыз киришине каршы болуп, Астананы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгууга чакырган.

Маалыматка караганда, 1-майдагы акцияга жалпысынан 20га жакын киши катышты. Полиция кызматкерлери алардын эмне себептен кармалганы боюнча маалымат берген жок.

Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн «Казакстан менен Кытайдын ортосундагы виза талаптарын жоюу жөнүндөгү келишимге кол коюу» тууралуу мыйзам долбоорун апрелде коомдук талкууга чыгарган. Келишимге 18-19-майда президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлары пландалууда.

Казакстанда жарандар ар кандай нааразылык акцияларына чыгуу үчүн акимчиликтен уруксат алышы керек. Уруксат берилбеген акциялар мыйзамсыз деп табылып, катышуучуларды полиция кармайт.

Булак: NazarNews.kg 

​​​​​​​

Последние новости