www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмаз Бейшеналиев Женева шаарындагы (Швейцария) Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюмунун штаб-квартирасында Уюмдун Башкы директору Д.Танг менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бейшеналиев Башкы директорго Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал, анын ичинде жаштарга колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн университеттеринин алдындагы бизнес-инкубаторлорду түзүү чараларын камтуу менен Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ири социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө маалымат берди. Ушуга байланыштуу, Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюму тарабынан Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес, маданият жаатындагы конкреттүү долбоорлор, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы квалификацияны жогорулатууга байланыштуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга практикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Башкы директор Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалар жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюму интеллектуалдык менчик жаатында Кыргызстан менен толук кандуу кызматташуусун уланта берерине ишендирди.
Жолугушуунун соңунда Алмаз Бейшевлиев БДИМУнун Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Д.Тангга ыраазычылыгык билдирип, Башкы директорду ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg