www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы дүйнөлүк масштабда белгиленген. Бул тууралуу коомдук ишмер Алмаз Кулматов билдирди. 

--"Улуу Кыргыз каганаты кыйрагандан кийин кыргыз мамлекети тууралуу кеп кылынбайт эле, кайсы мамлекетти айтып жатат дегендер арбын эле советтик доордо. Андайлар эми да ичте-тышта аз эмес. Европа, Азия мамлекеттеринин, Россиянын тарыхын окуганда, бир шаарчадан, кыштактан же сепилден турган вечелер, бир коктуну ээлеген графтыктар, королдуктар мамлекет деп эсептелинет да, кыргыздарга келгенде бүтүндөй империя болгон каганат, хандыктар мамлекет эмес, ашып кетсе уруу бирикмелери, "протогосударствого", "зачатки государствага" айланып калган.

Ошондой көз караш калыптанып калгандай. Маселе мамлекеттүүлүк тарыхына карата саясий-идеологиялык көз карашта, методологиялык мамиледе жатат. Жаӊы доордо, 20-кылымдын башында (1924-жылы) кыргыз мамлекеттүүлүгү республика формасындагы мамлекет катары калыбына келди. 1926-жылы Кыргыз автоном Советтик Социалистик Республикасы катары кайра түзүлдү. 

30 жыл ичинде эӊ ири жетишкендигибиз – бул 2002-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгиленди. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен таанылды. Бул факт. 6-9-кылымдар Улуу Кыргыз каганаты деген ат менен тарыхта белгилүү. Бул доорду да эч кайда ката албайбыз, жок кыла албайбыз. Кашкайган фактылар. 

Бүгүнкү күндөгү мамлекеттин үлгүсүнө салып караган күндө деле бир кыштактай аймакты ээлеген, бир айыл калкы бар, ал тургай бир чоӊ көчөдөн турган, бирок дүйнө аларды азыркы учурда да мамлекет деп тааныган монархиялар, княздыктар жана кенедей республикалар бар экени жалганбы? Кеп элдин санында жана ээлеген аймагында деле эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости