www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бөдөш айым, ашкере динчилдердин таасири өлкөбүзгө кандай маселе жаратышы мүмкүн?

- Албетте, баардык эле чектен чыккан иштин терс таасири болбой койбойт, ошол сыяктуу эле өзгөчө дин туткан, динди терең түшүнгөндөй түр көрсөтүү менен алектенгендердин кооптуу жагы бар экенин Афганистан ааламга ашкереледи. Сирия эмне болуп атат? Акыркы мезгилдерде түшүнгөнү-түшүнбөгөнү деле, жаш-карысына карабай чүмкөнүп алгандар көбөйдү. Баары эле исламды терең түшүнгөндөр деп кабыл албаш керек, мажбурлоо жолу менен дагы ушундай жолго баргандар бар. Алсак, эч нерсе оюнда жок тестиер кыздар, мектеп окуучулары, өзгөчө төмөнкү класстын кыздарын ушунчалык ыңгайсыздыгына карабай ороп-чулгап коюшкан.

Ошондой ороп койгондун ордуна адеп-ахлак, ыйман, дин тутуу, ислам дининин баалуулуктары көкүрөгүнөн орун тапкандай тарбия берсе натыйжасы жакшы болмок. Сүйрөлтүп, этек-жеңин эптей албай, жүдөгөн кийимден тарбия алмак турсун көңүлдөрү калат да. Менин баамымда ушундай адат күткөн, өзгөчө динге баш-оту менен кирип кеткендердин артында фундаменталдуу ислам эмес, башкача бир агымдар бар сыяктуу. Анан албетте, эбегейсиз чоң каражат булактар бар. Айрыкча жаштар эки толкунга азгырылып турганда (бир бөлүгү Батыштын, бир бөлүгү динди жамынган белгисиз агымдардын) кооптонуу болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Тамыры терең жайылып, бактап-шактап, мөмөлөп калганда, биз каалаган мамлекет башкаруу болот деген кепилдик барбы? Ошол жааттан алып караганда, мамлекет тыкыр байкоо салып, өтө эле чаржайыт мүнөз күткөндү тескеп туруу зарыл.

- КРУИАда академик жана мүчө-корреспонденттерди шайлоодон канчалык кабарыңыз бар? Бул жөнүндө эмне айта аласыз?

- Эки апта мурун “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында болуп көрбөгөндөй өтө чуулгандуу диктовка менен шайлоо өттү” деген пикирлер калк арасына желдей тарады. Ар бир беш жылда өтүүчү бул шайлоо акыркы 11 жылда белгисиз себептер менен өтпөптүр, эмнегедир бу жолу шашылыш өткөнүнө караганда, жогору жактан илимди сыйлаган, тыкыр көз салган илимпоздор пайда болгонбу, же жаңы кабыл алынган Конституциянын шарданыбы, айтор, шайлоо өткөрүп, академия дагы белчесинен коррупцияга батканын илимпоздордун деңгээли ачыктап койду. Бул жолку шайлоо менен академик, мүчө-корреспонденттердин катарын вице-премьер-министр, министр, конституциялык кеңешменин эки мүчөсү толуктады. Кеп кимдердин келгенинде эмес, кеп шайлоонун өтө ыплас өткөнү жөнүндө. Уккан кулакка ишенбей, төбө чачың тик турат. Экономика илими боюнча мүчө-корреспонденттикке ат салышып, өтпөй калган айымдын айтуусунда, бюллетендерди кайра санатканда төрт белгиленбеген актай бюллетенди атаандашынын пайдасына таштап койгон.

Андан сырткары, каршы добуш бергендерди дагы кошо санаган. Жетекчиликке даттанганда “академиктин кызы өтпөй калса, атасы өлүп бербейби, чуу салбай эле коюңуз” деп ачык айткан. Көрсө, жасалма жол менен өткөн кыз белгилүү академиктин кызы экен. Эмне, жаңы Конституцияга “академиктин балдары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик кызматчылар өтсүн” деп жазылды беле? Андай болсо, “илимдер академиясы” деп атап, ушундай коррупциялашкан илимпоздорду бюджеттен каржылоонун кажети барбы? Илим-билим коррупциялашкан өлкөдө өсүш болбойт, келечеги дагы бүдөмүк болот. Интеллигенциянын өкүлдөрү байырлаган касиеттүү илимий мекемеде ушундай шумдуктарга жол берилип атса, анда балдарыбыздын келечегин кантип аныктайбыз? Бул калпыстык көз жаздымда калбаш керек!

Бирок, ким акыйкаттыгына жетип чекит коёт, менин пикиримде, жалгыз гана өлкө башчы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө албаса, башкалардан майнап чыкчудай эмес. Анткени, академия ушундай жолду эбак эле тандап алгандай. Калпыстыкка жол берген үчүн жетекчиликтин жоопкерчилигин карап, эгерде жогорудагылар чын болсо, катуу чара колдонуу керек. Менин пикиримде, жетекчиликке жаңы академиктердин катарын толуктаган Жылдыз Бакашованы же Бекбосун Бөрүбашовду алпаруу керек. Мындан беш-алты жыл мурун орус президенти Владимир Путин РАНдын президентин кабыл алып, үч жогорку даражадагы чиновниктин академик наамын алганы жөнүндө сурап, минтип айтканы бар: “Айтыңызчы, татыктуу болуп, илимге салымы чоң болсо, анда мен кызматынан бошотушум керек.

Мындан аркы ишмердигин илимге арнасын, мүмкүн илимди жетектесе жакшы натыйжа берер, эки жакка алагды болбой. Мамлекеттик кызмат өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган оор кызмат” дегенде академиктин келмеси оозунан ыргып, эмне деп жооп айтарын билбей, саамга дендароо болгонун теледен көргөм. Бул айтылган сунуш илимдеги калпыстыкка чекит коюу, ошол эле мезгилде кызмат абалынан кыянат пайдаланууну ооздуктоо үчүн кыраакы мамлекет башчынын колдонгон мыйзамдуу формасы болчу. Коррупция менен күрөшүү үчүн чоң казатка аттанган жетекчилер, мамлекет башчы интеллигенциянын коррупцияга кирип баратканын көз жаздымда калтырбай, бөгөт коёт деген үмүт менен ыза тарткан анык илимпоздор демин басып калышты го. Бул да болсо мамлекет башчыга болгон ишенимдин жогору экенинен кабар берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости