www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркиндик тууралуу актылар тарых, келечек алдында кымбат жоопкерчилик. Мындай пикирди коомдук ишмер Алмаз Кулматов массалык маалымат каражаттарына билдирди. 

--"Кечээки СССРдин курамынан чыккан Эстонияны алалы. Бул мамлекет 1991-жылы 20-августа Көз карандысыздыктын калыбына келүү күнү деп жарыялайт. Анткени Эстониянын көз карандысыздыгы 1918-жылы 24-февралда жарыяланган. Эстония орто кылымдардагы княздыктардын, мамлекеттик түзүлүштөрдүн, анын ичинде Эстляндиянын мураскору эгемендүүлүк, көз карандысыздык буга чейин болгон, СССР кыйрагандан кийин кайра калыбына келди деп эсептелинет. Дүйнө да ошентип мойнуна алат.

Мамлекет өзү эсептесе, атаса, аныктама берсе гана дүйнө ошону тааныйт. Демек кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы тарыхый факт болсо, андан кийинки, мындан 900-1200 мурдагы Улуу кыргыз каганаты деп аталган мамлекет факт болсо, демек тарыхый логикага ылайык 30 жыл мурдагы окуяларды суверенитеттин жана көз карандысыздыктын калыбына келиши деп эсептегенибиз туура. Тактап айтканда, 1990-жылы 15-декабрда кабыл алынган "Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө Декларация" жана 1991-жылы 31-августагы "Көз карандысыздык жөнүндө Декларация" суверенитетти жана көз карандысыздыкты жаӊы шартта калыбына келтирген юридикалык, саясий, тарыхый актылар.

Бул актылар байыркы кыргыздын эмки урпактары, өлкөнүн бардык жарандары үчүн нравалык баалуулук. Эркиндик жана суверенитет тууралуу актылар тарых, учур жана келечек алдында кымбат жоопкерчиликти билдирет жана жогорку күчкө ээ. Суверенитет менен көз карандысыздык, эркин мамлекеттүүлүк так аныктамага жана конкреттүү мазмунга ээ болууга тийиш.

Мазмуну тууралуу кеп башка. Ал эми аныктамасына келсек, суверенитеттин жана көз карандысыздыктын жаӊы шартта калыбына келишинин 30 жылдыгы деп атаганыбыз идеологиялык, саясий-укуктук жактан, эӊ негизгиси, тарыхый өӊүттөн да туура болмокчу", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости