www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бизге ким ишенип, ким колдосо баарына ыраазычылык билдирем", - деди бүгүн, 23-августта машыктыруучу Майрамбек Ахмедов.

"2008-жылы менин окуучум Канат Бегалиев күмүш медал алганда мага сөз берилген эмес. Азыр сөз берилгенине аябай толкунданып жатам. Спортсмендерди жана машыктыруучуларды кабыл алып, куттуктап, эмгегибизди баалап жатканыңарга ыраазычылык билдирем. Спортчуларга, машыктыруучуларга болгон мындай колдоо менен буюрса Париж жана башка олимпиадаларда кыргыздын желегин желбиретип, алтын медалга жетебиз деп ниет кылам. Бизге ким ишенип, ким колдосо баарына ыраазычылык билдирем. Буюрса, ар бир олимпиадалык оюнда кыргыздын желеги желбиреп, туусун бийик көтөрүлсүн", - деп белгилеген ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулардан тышкары Кыргызстандын курама командасынын айрым мүчөлөрүнө да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Ал эми машыктыруучу Майрамбек Ахмедов II даражадагы «Манас» ордени менен 2 миллион 500 миң сом сый акы менен сыйланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости