www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан 3-үйүнүн 3-батиринин тургуну Элмира Аралиева NazarNews маалымат агенттигине, 2019-жылдын 9-июлунда Ош шаарындагы "Оптима Банкынын" кызматкерлери мыйзамсыз анын жогорудагы даректе көрсөтүлгөн үйүн аларга болгон тууму менен 907 258 сом 95 тыйын карызынын эсебинен, күрөөдө турган үйдү сатууга коюлган күндү маалымдабастан туруп жана ал үйдүн 2013-жылы бааланган 1 304 986 сом 20 тыйын баасын, сатууга коюлган күнө карата өзгөртпөстөн туруп, банктын эсебине мыйзамсыз өткөрүп алышып, башка адамга сатып жиберишкен.

Бега чейин бир нече соттук отурумдар болуп өткөнү менен эч кандай жыйынтык чыккан эмес. КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭКККБМкы жолулуп кеткендигине байланыштуу андан ары тергөөнү улантуу 2021-жылдын 21-мартында Ош ШИИБнын тергоо кызматына келип түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө тараптар окуя туурасында суралып, Э.Аралиева өз көрсөтмөсүндө "Оптима Банкы” анын күрөөдөгү үйүн ага карыздын эсебинен сатыкка чыгарып жаткандыгын билдирбей, сатык болуп жаткан учурга бааны тактабастан мыйзамсыз өздөрүнө өткөрүп, башка адамга сатып жибергендигин билдирген.

Ал эми "Оптима Банкынын" өкүлү Э.Аралиеванын үйү эки тараптуу түзүлгөн жазуу жүзүндөгү келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде үй карыздын эсебинен өндүрүү үчүн сатыкка чыгып жатканын жазуу жүзүндө бир нече жолу эскертилгендигин, ал эми үйдүн наркын мыйзам чегинде каралгандыгын, ал боюнча маселе жарандык иштер сотто каралгандыгын азыркы күнга чейин каралууда деп билдирген.

Жабырлануучу Э.Аралиева: «Мен, баардык төлөмдөрдү төлөп бергенге азыр даярмын, аталган банк үйүмдү кайтарып берсин» деген өтүнүч менен редакцияга кайрылды. Азырынча Аралиеванын үйүн мектептир мүдүрү, Гүлмира Осекеева сатып алгандыгы айтылууда. Жогорку окуя тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости