www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Конституция ар кимдин ар-намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктун аткарылышын камсыздайт", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-июлунда аталган мыйзамды ЖК депутаттары колдоп, президенттин кароосуна жөнөткөн.

"Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт. Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Чуулуу мыйзамдын тарыхы

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.

Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости