www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- “Россия менен Казакстандын ортосунда муз тоңду” деген пикирлер айтылууда. Сиз кандай ой жоруйсуз?
- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун жыйынтыгында Путиндин көзүнчө Кремлдин негизги пропагандисттеринин бири Симоньяндын суроосуна “ЛНР менен ДНР жана БУУ чечими менен колдобогондор башка мамлекеттерди да колдобойбуз” дегени Казакстандын кызыкчылыгын сактоо үчүн айтылды жана кандайдыр бир сенсацияны жараткан жок. Бул жооп нейтралдуу позиция болуп саналат.
Бирок ушул окуядан кийин Казакстандын мунайзаттарын (нефтисин) Европага кетишин Россия шылтоо менен убактылуу Новороссийск түтүктөн токтотуп койгону Токаевге жана казак элине эскертүү болуп саналат. Казакстан Россиядан чочулап турат. Ошондуктан тышкы саясатын башка мамлекеттер менен да ар тараптуу жүргүзгөн концепциясы туура болуп чыкты.
Астана Москвадан акырын аралык кармаганы жакшы болот. Эгерде абдан жакындаса Батыштын санкциясына кабылышы мүмкүн. Ошондуктан Токаев башка өлкөлөргө барып, Казакстандан чыккан ресурстарын альтернативалык логистикалык жолдорун издеп жаткан көрүнөт.
Булак: Азия News гезити